super.kg logo

Министрлик: "Эмгек акы салыктык кирешелердин негизинде гана көбөйтүлүүдө"

 

Эмгек акы салыктык кирешелердин негизинде гана көбөйтүлүүдө. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 1-апрелинен тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча төмөнкү милдеттер коюлган:

  • 1-апрелден баштап социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы орточо 50 пайыздан 100 пайызга чейин жогорулатылган. Тогуз айга кошумча керектөөчү каражат 26 миллиард сомду түзүп, ал эми бир жылга 34,2 милиард сом талап кылынат.
  • 1-августтан тартып мамлекеттик кызматкерлер, күч блогунун бош жалданган жана жарандык персоналына эмгек акысы жогорулап, кошумча керектөөчү каражат беш айга 7 миллиард сом түзүп, ал эми бир жылга 16,8 миллиард сом талап кылынат.

Ушул жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, аскер кызматчыларга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акынын фондунун 80 пайызына чейин жогорулатуу каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.11.2022. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кобойгону жакшы бирок, Президент С.Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер учун ар квартал сайын иштеген ишине карата сый акы толонот деген Жарлык чыгарган болчу. Бирок ошол жарлыкта айтылган сый акы эми бюджетте акча жок деп толонбой калышы мумкун буга ким кандай коз карашта эми...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: