super.kg logo

Садыр Жапаров Түркиядагы жардырууга байланыштуу Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Стамбул шаарындагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу президент Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда мамлекет башчысы жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалай турганын билдирген.

"Түркиянын Стамбул шаарынын Истиклал көчөсүндөгү жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан бул террордук актыны кескин түрдө айыптайт жана эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшкө багытталган аракеттерин толугу менен колдойт.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эскерте кетсек, Стамбул шаарынын Бейоглу районунун Истиклал көчөсүндөгү жардыруу 13-ноябрда болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: