super.kg logo

Токтогулда жоогазындын өзгөчө жаңы түрү табылды

 

Америкалык окумуштуулар Кыргызстанга болгон экспедиция учурунда жоогазындын жаңы жана адаттан тыш түрүн табышты. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, экспедиция тобунун мүчөсү, Кембридж университетинин аспиранты Бретт Вилсон бул ачылыш абдан кызыктуу болгонун айткан.

"Бул жапайы жоогазын сыртынан гүлдүн башка түрлөрүнө окшош. Бирок Кембридж университетинин Өсүмдүк таануу департаментинде жүргүзүлгөн ДНК тесттери ал жоогазындын жаңы түрү экенин тастыктады. Бийиктиги 10 сантиметрден 19 сантиметрге чейин жеткен өсүмдүк тоолуу Токтогул аймагынан табылгандыктан Токтогул жоогазыны (Tulipa toktogulica) деп аталды", - деген Вилсон.

Ошондой эле маалыматта топту Кембридж университетинин Ботаникалык бакчасынын куратору Сэм Брокингтон, Fauna and Flora International (FFI) уюмунун өкүлү Дэвид Гилл жана Борбордук Азиядан, анын ичинде Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын адистери жетектегени айтылат.

Белгилей кетсек, "Tulipa toktogulica" коргоо статусун алды жана эми аны Ботаникалык бакчадагы үрөндөрдөн көбөйтүү аракети көрүлөт, бул бир нече жылга созулушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
15.11.2022. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадамжай районунун тоолорунда мындай жоогазындар ото коп
15.11.2022. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арстанбапка жазга маал келсенер жер жайнап калат мындай гулдорго.Биз мандалак деп койобуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: