Социалдык тармакта арыкка таштанды ыргыткан жарандын видеосу талкуу жаратты
Социалдык тармакта жол боюндагы арыкка таштанды ыргыткан жарандын видеосу талкуу жаратты. Бул окуя тууралуу Самарбек Болотбеков аттуу Фейсбук колдонуучусу жазды.
Анда Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол боюндагы арыкка таштанды ыргытып, андан соң унаасы менен жолун улап кеткен.
"Бул кишинин кылганын уул-кыздары, неберелери көрсө эмне дейт?" деп жазган ал.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары таштанды ыргыткан жаранды таап, жоопко тартуу керектигин талап кылышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.