super.kg logo

Кыргызстанда 11 жаштагы кыздарды эмдөө башталды

 

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева 14-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарындагы мектептердин биринде өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөө иштерине старт берди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календарына ылайык, 2022-жылдын ноябрь айына карата мектеп окуучуларын эмдөө программасынын алкагында 11 жаштагы кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө иштери башталды.

Эмдөө өлкө мектептеринин медициналык пункттарында бекер жүргүзүлөт. 2022/2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздар да АПВ каршы вакцинасы менен эмделет. Вакцина 6 айлык интервал менен эки жолу жасалат (эгерде биринчи доза ноябрда берилсе, экинчи доза май айында)", - деп жазылат маалыматта.

Өспүрүм кыздарды пландуу эмдөө келечекте жыл сайын 600дөн ашык оорунун жана жатын моюнчасынын рагына кабылган 300гө жакын өлүмдүн алдын алат. Негизги максаттуу топко иммунизация маселелери боюнча Улуттук техникалык эксперттик комиссия вакцинаны киргизүүнүн биринчи жылында 12-14 жаштагы кыздарды эмдөөнү сунуштайт.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева белгилегендей, бул эмдөө кыздардын жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн маанилүү профилактикалык иш-чара болуп саналат. Иш-чаранын ийгиликтүү өтүшү үчүн уюшкан ведомстволор аралык координация жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Саламаттыкты сактоо министрлигине ар кандай жардам көрсөтүүсү зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: