super.kg logo

Өзбекстандын парламенти кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

 

Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу (төмөнкү) палатасы кечээ, 14-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад боюнча келишимдин долбоорун ратификациялады. Бул тууралуу Өзбекстан парламентинин сайтында жарыяланды.

Билдирүүдө Олий Мажилис депутаттары "Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорлорун, "Өзбекстан өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин ортосундагы Анжиян (Кемпир-Абад) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" келишимдер талкуудан кийин кабыл алынгандыгы айтылат.

Ошондой эле бул мыйзам долбоорлору алгач бардык парламенттик фракциялардын жыйындарында кеңири талкуулангандыгы белгиленди.

"Жыйынга премьер-министр Абдулла Арипов баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, мыйзам долбоорлору боюнча маалымат беришти.

Акыркы жылдары мамлекет башчынын жетекчилиги менен эл аралык натыйжалуу кызматташтыкты жолго коюуга, биринчи кезекте улуттук кызыкчылыктарыбызды, элдин тынчтыгын жана бейпилдигибизди камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылды. Ачык жана прагматикалык, активдүү тышкы саясаттын натыйжасында Өзбекстан эл аралык аренада ишенимдүү өнөктөш катары таанылды. Ал эми президент Шавкат Мирзийоевдин бекем саясий эркинин жана туруктуу колдоосунун аркасында өлкөбүздүн жана коңшу мамлекеттердин чек ара тилкелеринин эң татаал тилкелери боюнча кыска убакыттын ичинде эки тарапка тең алгылыктуу чечимдер кабыл алынды.

Мыйзам долбоорлорунда жалпы узундугу 302,29 чакырым болгон чек ара сызыгын, анын ичинде өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын 35 тилкесин делимитациялоону аяктоо каралганы баса белгиленди. “Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди” ратификациялоо да аныкталды.

Депутаттар белгилегендей, бул документтердин кабыл алынышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасын аныктоо маселелери боюнча комплекстүү чечим табууга кызмат кылат. Бул ошондой эле биздин өлкөлөргө өнөр жай кооперациясында, айыл жана суу чарбасында, соодада, инвестицияда, энергетикада, транспортто, курулушта, экологиялык, туризмде, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө болгон зор потенциалды пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары чек ара соода жана өнөр жай аймактарын түзүүгө, чакан жана орто бизнести активдештирүү, аймактар ​​аралык мамилелерди өнүктүрүү жана экономикалык кызматташтыктын башка жаңы багыттарын калыптандыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Кызуу талкуудан кийин мыйзам долбоорлору депутаттар тарабынан кабыл алынды", - деп жазылат анда.

Эми документтердин долбоорлору Сенатта (парламенттин жогорку палатасы) каралышы керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
15.11.2022. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озбекистан ратификация кылат да, Озбекистандын пайдасына чечилип жатса. Биздин 2 доопарас сууну да, жерди да берип жатса Озбекистанга. Ал жер стратегиялык обьект экенине карабастан........
15.11.2022. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акмак Садыр. Атан менен апан олбой турбаптыр да. Сенин саткындыгынды корсо болмок. Сендей саткынды жараткандарын тушунуп жетсе болмок.......
15.11.2022. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ташиев не, ал доопарас. Доопарас болчу, ошол доопарас боюнча калды. Бугун ай-аалам колунда тургансып кутурган Ташиевдер эртен 2 доопарас качса кором ал-абалынарды...... Саткын акенердин аты бешененерге тамга болуп кадалат. Баягы саткын Ташиевдерденсинби деп сурай турган болот эл-журт......
15.11.2022. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2 доопарас Кыргызстан утту дейт. Энесиникине утабы Озбекистанга Кемпирабадды берип жатса. Алдык деген 19 мин гектар жер Кыргызстандын жери. Озбекистан оз жерин берген жери жок.
15.11.2022. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр лапшагон Кемпирабадды берип жатып кайра Кемпирабадды алып жатабыз дейт. Озбекистанга откоруп бергенден кийин бутту, 5-10 жыл отпой Озбекистан Кемпирабадды айланта тосуп алат, 50/50 башкаруу унутулат. Ошондо Кемпирабаддын жээгине басып бара албайсынар........
15.11.2022. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргыздар озу ушуга ылайыкпыз да. Акча берет десе чакырбай чогуласынар. Шайлоодо ар добушка 1000-2000 сом берип жатыптыр десе элден биринчи чуркайсынар, надо будет коншу айыл, коншу шаарга барып шайлоого катышып келесинер. Чон той болсо калбай барасын. Ал эми жерин кетип жатса, суун кетип жатса кайдыгерсин.
15.11.2022. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Узонгу-Кууш кетти, кайдыгерлигинерден. Каркыра кетти, анда да силердин кайдыгерлигинерден. Керки-Дон кетти, ал да силердин унчукпаганынардан. Кемпирабад маселеси 1-2 жылдан бери которулот, оозунарга талкан салып, котунорго тегирмен ташын байлап алып отурасынар. Болбосо 10-20 мин, 50 мин Мекенин суйгон патриоттор чогулса, 2 доопарас ошончо элди камоого духу жетмек эмес. Ынтымагынар болбой 5-10дон чогулсанар албетте 2 доопарас оз билгенинен калбайт да.
15.11.2022. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кокон хандыгы, андан кийин да Анжиян, Фергана, Наманган облустарында кыргыздар коп болгон. Союз куралганда коптогон жерлерибиз, кыргыз айылдары менен кошо Озбекистанда калып кеткен. Союз жылдары Озбекистан коп жерлерибизди озуно откоруп алды белек бечкек, жакшы аш менен сыйлап отуруп. Союз бузулгандан кийин Каримов Акаевдин боштугунан пайдаланып буткул чек ара боюнча Кыргызстандын территориясына жылып кирип отуруп коп жерлерди мыйзамсыз басып алды.
15.11.2022. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Советабад шаарын айланасындагы 10 чамалуу кыргыз айылдары менен чогуу эч кандай документи жок эле Озбекистан озуно откоруп алды. Ал да аздай бугун Озбекистан бизге берип жатат деп 2 доопарас калп айткан 19 мин гектар жерди бизден талаша баштады. Буларды Тупто чонойгон Жапаров билбесе да Ташиев билиши керек эле. Бирок ал акчанын кулу болду.
15.11.2022. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бийликке келгиче Мекендин 1 см жерин бербейбиз деп ооз коптуруп журуп, озу бийликке келип эн маанилуу стратегиялык жерлерди берип жатат, атасынын апасынын жерин берип жаткансып.
15.11.2022. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чек ара чечилди деп кубангандарга. Баткендеги Чечме булагы чечилбептир мисалы. Эки олко ортодон колдонот дейт. Эртен эле суу сага коп мага аз болуп калды деп тополон чыгат али... Кемпирабадды берип жатат 2 акмак. 5-10 жыл отуп суу азайганда Озбекистан бут сууну Озбекистанга айдайт, Кыргызстандын Кемпирабаддан барган суу менен сугарылган 25-30 мин гектар жери суусуз калат......
15.11.2022. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдулла Ариповдун Озбекистан депутаттарына кайрылып суйлогон кайрылуусун уктум. Ал жерде биздин аферистке окшоп лапша илбей болгонун болгондой айтыптыр. Мисалы Озбекистан Союз убагында 4мин гектарлай жерди КОМПЕНСАЦИЯ иретинде бергенин, эми жайыт жерден (сугат жерден эмес) дагы мин гектардай жер беришээрин айтып жатат.
15.11.2022. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арипов Кыргызстан аймагында жайгашкан Анжиян (Кемпирабад) суу сактагычы биз учун абдан маанилуу стратегиялык обьект деп жатат. Бул суу сактагыч Озбекистандын 175 мин гектардан ашуун жерин, Кыргызстандын 25 мин гектар эгин талаасын сугарат деп жатат. Лапшагон Садыр эмне деди эле? Суу сактагыч Озбекистанга отуп кеткен, аны Усубалиев берген, анын бизге пайдасы жок, андан Кыргызстан аймагы суугарылбайт деп дооруп лапша илип жатпады беле? Мына, калптары ачыкка чыкты.
15.11.2022. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин активисттер, эл Кемпирабад стратегиялык обьект десе болбой кошоруп жаткан 2 доопарас. Мындай кум жердин кимге кереги бар деп дооругонучу. Арипов болсо айтып жатат, бул стратегиялык обьект деп. Мына чындык. Озубуздун стратегиялык обьектти Озбекистанга акысыз откоруп берип жатабыз.
15.11.2022. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал эми Гавасай ж.б. тилкелер боюнча Арипов ачык эле айтты, бул талаш аймактар болчу деп жайлоо жерлери деп. Озбекистандын жери эле, топурагы эле деген жок. А биздин 2 доопарас Озбекистан бизге 19 мин гектар оз жерин берип жатат деп лапша илип жатты эле кулагынарга.
15.11.2022. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ал эми Ала-Букадагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычына компенсация деп Озбекистан жайлоо жеринен жер болуп бермекчи. Анан арадан бираз убакыт откондон кийин 2 доопарас бул суу сактагычты да берет, Озбекистандан компенсация алганбыз деп.
16.11.2022. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
КОМПЕНСАЦИЯ деген соз келтирилген зыяндын ордун толтуруу деген соз. Озбекистан 70-жж компенсация иретинден 4127 гектар жер бергенин документтер куболондуруп жатат, Арипов да ошону айтты. Бирок биздин Аферист менен Доопарас, Окмоттогу лапшагондор, Жогорку Кенештеги чимкириктер Озбекистан компенсация иретинде берген жерди алмашуу учун берген деп элдин кулагын ушалап жатышат. Эгер доопарас болсонор ишенип отура бергиле. Талаш болбогон, Кыргызстандын жери болгон Кемпирабадды Озбекистанга карматып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: