super.kg logo
  Саясат  

Султанбекова эки өлкөнүн маалыматында 140 гектар жер айырма чыгып жатканын айтты

 

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору да каралууда. Анда эл өкүлү Чолпон Султанбекова 140 гектар жердин эсеби чыкпай жатканына токтолду.

Анын билдиришинче, өзбек тараптын официалдуу билдирүүсү менен салыштырганда 140 гектар жер айырма болуп жатат.

"Кечээ Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 12 709 гектар берилерин айтты. Силер алып келген документте 12 849 гектар деп айтып жатасыздар. Ортодо 140 гектар айырма болууда. Бул кандай?", - деди Султанбекова.

Жер ресурстары кызматынын башчысы Абдулат Мырзаев мурун бөлүнгөн жерлер кайталанып жазылып калгандыгы менен түшүндүрдү.

"Ал 140 гектар жер аянты мурда чек араны тактоодо кыргыз тарапка жазылып калган тилке болгондуктан алар кошуп эсептебей жатат. Биз жалпы аянтты кошуп жатабыз. Ал жер эч жакка жоголуп кеткен жок. Мурда жазылып калган чекти артка жылдырып, кайра башынан эсептегенде ошол айырма чыгып жатат. Эч кандай маселе жаралбайт. Чолпон Алыевна, сиз Ариповго караганда бизге ишенсеңиз, мен жаныңызда отурам го", - деди Мырзаев.

Министрлер кабинетинин чек ара маселелер боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев кол коюлган протоколдордо өзбек тарапта да ушундай эле цифра жазылганын айтты.
"Мурда кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо учурунда Ала-Бука районун Бетегелик деген тилкесинен жер берип, Гавасайдан 140 гектар жер алганбыз. Ошону кошуп айтып жатабыз", - деди Бөрүбаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: