super.kg logo

Министр Кулубаев Брюсселде Евро Биримдиктин жыйынына катышты

 

Кечээ, 15-ноябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кызматташтык кеңешинин 19-жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, жыйын Брюссель шаарында өттү.

"Еврокомиссиянын, Европанын тышкы иш-аракет кызматынын жана Евро Биримдикке Чехиянын төрагалыгынын өкүлдөрүнөн турган европалык делегацияны Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский жетектеди.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу, аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелердин кеңири тизмеси каралды. Кызматташтык кеңеши эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюуга эки тараптын тең кызыкдар экендигин ырастады.

Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги секторлору боюнча жетишкендиктерди жана пландарды карап чыгышты. Кыргызстан менен Евро Биримдик 2021-2024-жылдарга 62 миллион еврону түзгөн көп жылдык индикативдик программанын алкагында Европа Биримдигинин каржылык колдоо пакетин ишке ашырууда жакшы динамиканы белгилешти.

Кызматташтыктын үч артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу боюнча макулдашышты: санариптик трансформация; билим берүү, жашыл жана туруктуу экономика.

Жолугушуунун катышуучулары экономикалык, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук үчүн заманбап чакырыктарды жеңүү үчүн эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ошондой эле соода мамилелерин чыңдоо максатында, преференциялардын жалпыланган схемасын колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана колдонуу мөөнөтүн узартуу жолдору каралды. Мындан тышкары Кызматташтык кеңешинин жыйынында Борбор Азия аймагындагы саясий жана экономикалык өнүгүүлөр жана Европа Биримдиги менен кызматташууну бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде энергетика, транспорт жана санариптештирүү тармактары каралды.

Кыргыз тарабы региондогу туруктуулукту жана тынчтыкты камсыз кылуу максатында аймактык интеграцияны бекемдөө жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аракеттери тууралуу маалымат берди. Европа Биримдиги Кыргызстандык регионалдык диалогго жана кызматташууга позитивдүү катышуусун жогору баалады. Делегациялар ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Европа Биримдигинде адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыз кылуу практикасы, фейк жана кастык сөздөр менен күрөшүү боюнча пикир жана маалымат алмашышты. Тараптар аймактык жана эл аралык коопсуздук жана кызматташтык маселелерди да талкуулашты. Чыр-чатактарды эл аралык укуктун нормаларын толук сактоо менен сүйлөшүүлөр жана тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешти.

Жыйынтыгында тараптар саясий байланыштарды жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ачык диалогду жогорку деңгээлде улантууга макулдашышты", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: