super.kg logo

Баткенде 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү (Тизме)

 

Баткен облусунда 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө таянсак, президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Белгилей кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 20-октябрында кабыл алынган.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан бул мыйзамда Баткен облусунун 3 айыл аймагы жана 10 айылынын аттары өзгөртүлдү. Алар:

  • Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагы - Айрыбаз айыл аймагы;
  • Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Марказ айылы - Айрыбаз айыл аймагынын Айрыбаз айылы;
  • Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакиш айылы - Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылы;
  • Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагы - Исхак-Полотхан айыл аймагы;
  • Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылы - Исхак-Полотхан айыл аймагынын Ак-Өргө айылы;
  • Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Халмион айылы - Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылы;
  • Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагы - Кең-Талаа айыл аймагы;
  • Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Даргаз айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Кереге-Таш айылы;
  • Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Дархум айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Жети-Таш айылы;
  • Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Маргун айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылы;
  • Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Чурбек айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Үч-Булак айылы;
  • Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы - Раззаков шаарынын Ак-Босого айылы;
  • Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылы - Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы деп кайра аталды.

Анын максаты — айыл аймактарына жана айылдарга мурдагы жана азыркы учурда кеңири белгилүү болгон, учурда жашоочулар тарабынан колдонулуп келген, ошондой эле мамлекеттик, тарыхый жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен аталыштарды кайтарып берүү болуп саналат.

Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: