super.kg logo

Республика боюнча 16 жашка толгон 500гө жакын жаран паспорт алды

 

Кечээ, 15-ноябрда республика боюнча 16 жашка толгон 500гө жакын жаранга паспорт берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, саамалык Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулду. Анда Кыргыз жаранынын конституциялык укуктары, эркиндиктери жана милдеттери түшүндүрүлдү.

"Ар бир адам туулгандан тартып ажыратылгыс укуктарга жана эркиндиктерге ээ болот. Адам укуктарынын маанисин кадыр-баркын сезүү менен жашоо үчүн керектүү, базалык ченемдерди аныктоочу нерсе катары түшүнсө болот. Ал укуктардын универсалдуулугу бери дегенде адамдардын баары тең деген түшүнүктөн келип чыгат. Конституциясына ылайык, адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет.

Мамлекет жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, алардын өмүрүн, ар-намысын, абийирин жана мүлкүн сактоону камсыздоого, коомдун нормалуу өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө шарт түзүүгө тийиш. Ал эми жарандар өз кезегинде буга ар тараптан көмөк көрсөтүүсү керек", - деп жазылат маалыматта.

Иш-чаранын соңунда балдарга эстеликке сувенирлер тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: