super.kg logo

Милиция калаадагы чет өлкөлүк студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

 

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын экинчи башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк студенттердин арасында түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул жөнүндө Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара кечээ, 16-ноябрда болуп, анда милиция кызматкерлери эл аралык жогорку медициналык окуу жайда окуп жаткан Пакистандан жана Индиядан келген студенттерге коопсуздук чаралары жөнүндө айтып беришкен.

Ошондой эле чет өлкөлүк студенттерди түнкүсүн көчөдө максатсыз жүрбөөгө жана ири суммадагы акча каражаттарын алып жүрбөөгө үндөштү. Мындан тышкары Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чоң экендигин түшүндүрүп беришти.

Эскерте кетсек, жакында чет элдик студенттер борбор калаанын борборунда массалык мушташ уюштурушкан. Ага карата кылмыш иш козголгон жана кээ бирлери окуу жайлардан чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: