Куурчак театрынын директору кырсыкка кабылды. Ага жардам керек
Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору Болот Куланбаев жубайы менен жол кырсыгына кабылды. Мындай маалымат театрдын социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Болот Куланбаев жана анын жубайы учурда Бишкек шаарындагы "Тез жардам" ооруканасында жатат. Ага бир эле убакта эки бутуна операция жасалат.
"Кийинки жумада эки бригада дарыгерлер бир убакта эки бутуна операция жасашат. Ошондон улам Болот Куланбаевге тез арада кан, операцияга каражат жана реабилитациядан кийинки мезгилге майыптык коляска керек. Урматтуу кесиптештер, мекеме жетекчилери, сиздер ал үчүн бул оор мезгилде четте калбайсыңар деп ишенебиз”, - деп жазылат маалыматта.
Банктык карталардын реквизиттери: (Куланбаев Кайрат, уулу)
Demir 4215 8901 1735 6441
Кыргызстан Банкы 4177 4901 6868 4936
Элкарт 9417 7191 2339 5314
М-банк 0707290938
Мега пей 0553464633.
Кан тапшыруу үчүн Чыңгыз Айтматов кең көчөсү, 60 дареги боюнча Республикалык кан борборуна кайрылса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.