super.kg logo

Украина өлкөдөгү аскердик абалды жана мобилизацияны 2023-жылдын 19-февралына чейин узартты

 

Украинанын Жогорку Радасы өлкөдөгү аскердик абалдын жана жалпы мобилизациянын мөөнөтүн 90 күнгө чейин узартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аскердик абал боюнча мыйзам долбоорун 294 эл өкүлү, мобилизация боюнча 297 депутат колдогон. Мындан улам Украинада аскердик абалдын мөөнөтү 21-ноябрь күнү саат 05:30дан баштап 90 күнгө, тагыраагы 2023-жылдын 19-февралына чейин узартылды.

Буга чейин президент Володимир Зеленський 8-ноябрда Украинадагы аскердик абалды жана жалпы мобилизацияны узартуу боюнча мыйзам долбоорлорун Жогорку Радага сунуштаган.

Украинада 24-февралдан тарта аскердик абал киргизилген. Ошондон бери ал 90 күн сайын жаңыланып турат. Акыркы жолу 15-августта узартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: