super.kg logo

Ташиев төрага Шакиевдин суранычын четке какты

 
Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев төрага Нурланбек Шакиевдин суроолорго отуруп алып жооп бериңиз деген суранычын четке какты.
Жыйында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге төрага Нурланбек Шакиев "кагаздарыңыз көп экен, ыңгайлуу болушу үчүн отуруп алып жооп берсеңиз" деди.
Ага Ташиев трибунада туруп алып эле жооп берүү ыңгайлуу экендигин айтты.
Эске салсак, буга чейин төрага Нурланбек Шакиев ички иштер министринин орун басары баяндама жасагандан кийин суроолорго жооп берүү үчүн орундукка отурайын дегенде, суроолорго туруп алып жооп берүүсүн талап кылган. Ошондой эле төрага мындан ары өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна трибунада туруп жооп берерин билдирип, мурдагы өкмөт мүчөлөрү 2 саат бою туруп жооп бергенин белгилеп, азыр 5 мүнөттө бутуңар уюп кетет деп нааразы болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.11.2022. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жагынайн деген экен болбойкалаптыр да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: