super.kg logo

Камчыбек Ташиев бийлик мыйзамдуу жол менен гана алмашарын айтты

 

Кыргызстанда бийликти алмаштыруу конституциялык жол менен гана ишке ашат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Эркин билдиргендер эмес, чагымчылдар, мамлекетти дагы ызы-чууга салабыз, бийликти алабыз деп бүгүнкү кабыл алынып жаткан мыйзамдын негизинде ызы-чуу чыгарабыз дегендердин тамырынан кыркып жатабыз жана мындан ары дагы кыркабыз. Бул биздин мамлекеттик кызматкерлердин милдети. Мен Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси катары мамлекетте тынчтыкты сактоону, стабилдүүлүктү кармап турууга милдеттүүмүн. Мен милдетимди так аткарам.

Ошондуктан мамлекетибизге мындан ары дагы тышкы же ички душман болбосун бүлүк салгысы келсе, биз чара көрүүгө милдеттүүбүз. Мамлекттик кызматкерлер милдетин так аткарбагандыктан өлкөбүздө үч жолу төңкөрүш болду. Үч жолу бийлик күтүүсүздөн алмашты. Мындан ары бийлигибиз сиздер кабыл алган мыйзамдын чегинде алмашканга биз шарт түзүп беребиз", - деди Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.11.2022. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизди кетире албайсыңар дептирда душмандан сактаганынарды көрдүк эки жолу дагы көрө жатарбыз
17.11.2022. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оздору мыйзамдуу бийликке келиптирби? Унуттубу бири турмодо жатканын, экинчиси шайлоодо утулуп жудоп жургон кундорун?
17.11.2022. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эч кандай мыйзамдуу бийлик алмашуу болбойт. Жерди сууну саткандарды бугунбу же эртенби эл кууп чыгат баары бир. Камаганын камап, атканын атып олтурсо да баары бир эл толкуйт. Элди коркута албайт бул 2 доопарас.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: