super.kg logo

Лейлекте көмүрдү Өзбекстанга транспорт менен ташууга уруксат берилди

 

Лейлекте көмүрдү Өзбекстанга транспорт менен ташууга уруксат берилди. Белгилүү болгондой, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул жылдын 16-ноябрындагы №625 “Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Документке ылайык, министрлер кабинетинин ушул жылдын 24-октябрындагы № 581 “Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1-пункту “Торугарт автожолу” деген сөздөрдөн кийин “ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Кызыл-Кыя автожолу” деген сөздөр менен толукталсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12-пункттар менен толукталсын:

“11. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пунктунан Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан Сүлүктү көмүр кенинде казылып алынган көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган) тиешелүү документтер (жер казынасын пайдалануу (иштетүү) укугуна лицензиялардын, көмүрдү сатып алуу-сатуу келишиминин, көмүрдүн сапатына сертификаттын, эсеп-фактуранын көчүрмөлөрү) бар болсо, ташып чыгууга жол берилет деп белгиленсин.

12. 2022–2023-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүү мезгилинде Баткен облусунун калкына жана бюджеттик уюмдарына көмүр жетишсиз болгондо жана баасы жогорулаган учурда Сүлүктү шаарынын мэрине жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.”;

– 4-пунктундагы “1-пунктунан” деген сөздөр “1, 11-пункттарынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 4¹-пункт менен толукталсын:

“41. Бул токтомдо белгиленген чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу автомобилдик транспорт менен көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган) ташып чыгууну (экспорттоону) жүзөгө ашырууда жайылтылбайт деп белгиленсин”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: