Кадамжайда милиция кызматкерлери окуучуларды аскер кызматкерлеринин иши менен тааныштырышты





Кадамжайда милиция кызматкерлери окуучуларды аскер кызматкерлеринин иши менен тааныштырышты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кадамжай районунда ушул жылдын 17-ноябрь күнү Ж.Садиров атындагы аймактык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы Т.Тургунов атындагы орто мектебинин окуучуларын мекенди коргоого үндөө, патриоттук сезимдерин арттыруу максатында "Кайтпас" чек ара тозотуна алып барып, аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыгы менен тааныштырышты. Бул иш-чара Баткен облусунун аймагында “Камкордук” иш-чарасынын алкагында өтүп, окуучулардын ата-энелери менен жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.