super.kg logo

Бишкекте Кыргыз киносунун күнү белгиленди

 

Бүгүн, 17-ноябрда Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө кино күнү белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов катышып, кино ишмерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады.

Министр бүгүнкү күндө кинематография жана жалпы киноиндустрия Кыргызстанда динамикалык өнүгүү жолунда келе жатканын айтты жана улуттук тасмаларды жүгүртүүнүн көлөмү жылдан-жылга өсүп, республиканын калкынын кинотеатрларга баруусунун саны көбөйүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле тартылып жаткан ата мекендик тасмалар эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарга ээ болуп жатканы өлкөдө киноиндустриясынын өнүгүп жатканынын далили экенине токтолду.

Андан соң бир катар кино ишмерлерине Кинематография департаментинин “Кыргыз киносунун отличниги” төш белгисин тапшырды.

Белгилүү болгондой, 17-ноябрь кыргыз киносунун күнү жана кинематографисттердин кесиптик майрамы.

Бул күн 1994-жылы өкмөттүн токтому менен кабыл алынган. Кыргыз киносунун күнү 17-ноябрда белгиленип калышынын өзүнчө тарыхы бар. Себеби 1941-жылы дал ушул күнү Кыргыз ССРинин эл комиссарлар кеңеши тарабынан “Фрунзеде кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарылган.

Бирок кыргыз киносунун тарыхы 1920-жылдары эле башталган.

Ал кезде өлкөдө маданий жана документалдык сюжеттер тартылган. “Крытый фургон” аттуу биринчи толук метраждуу тасма режиссёр Фрелихтин эмгеги болгон.

Ал эми биринчи түстүү көркөм фильм “Салтанат” деп аталып, «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын базасында "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру Пронин тарабынан тартылган. 60-70-жылдары кыргыз киносу гүлдөп, жаралган эмгектер “кыргыз керемети” катары таанылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: