super.kg logo

Бишкектеги Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнө бетон тосмолор орнотулду

 

Бишкек шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнүн акыркы батыш бөлүгүнө бетон тосмолор орнотулду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган жол жээгинде унаалар туура эмес токтотулган учурлар орун алып келген. Жадакалса, жол кыймылынын башка катышуучуларына да тоскоолдуктарды жаратып, туура эмес токтоткон унаалардан айланып өткөн унаалар жол тыгындарын пайда кылып келген.

Жарандардан да бул багытта кайрылуулар келип түшкөн.

"Мына ушундай баш аламан токтотуулардын алдын алып, кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү Бөкөнбаев көчөсүнүн батышты карай бара жатканда Жаш Гвардия бульварынан кийинки бөлүгүнө атайын бетон тосмолорду орнотушту", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: