super.kg logo

Акылбек Жапаров 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясынын долбоорун сынга алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, эгерде мурда суу ресурстарын адам баласы керектөө үчүн гана пайдаланса, азыр суу экономикалык, социалдык өнүгүүнүн жана бирдиктүү экологиялык системаны сактоонун маанилүү фактору болуп саналат.

"Климаттын өзгөрүшү жана дүйнө калкынын өсүшү менен байланышкан глобалдык чакырыктар суу ресурстарын башкаруу боюнча чукул чараларды көрүүнү талап кылууда. Дал ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн", - деп белгиледи Акылбек Жапаров жана учурда суу чарба тармагы реформаланып жатканын, бул үчүн эффективдүү чечимдер талап кылынарын кошумчалады.

Өз кезегинде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясынын долбоорун сунуштады.

"Биздин республиканын суу ресурстары Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн айырмаланып, толугу менен республиканын аймагында түзүлөт. Биздин дарыялардын дээрлик бардыгынын энергетикалык потенциалы жогору. Бирок мыйзамдардын жеткиликтүү иштелип чыкпагандыгына жана квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу да бир катар көйгөйлөр бар", - деди министр.

Министрлер кабинетинин төрагасы сунушталып жаткан стратегияны сынга алып, документте өлкөнүн суу ресурстарынын келечегине, атап айтканда, алардын жеткиликтүүлүгүнүн балансына комплекстүү баа берилбегендигин, суу ресурстарын башкаруунун артыкчылыктуу багыттары боюнча, өзгөчө гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөр жаатында сунуштар жок экендигин белгиледи.

"Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин түзүүдөн мурун, республиканын бардык жаратылыш ресурстарын көзөмөлдөө жана эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча так милдет коюлган. Бир жыл өттү – эсепке алуу да, көзөмөл да жок. Иш-аракеттердин деталдуу планы керек, аракеттериңизди конкреттештириңиз. Стратегияны Айыл чарба министрлиги менен биргеликте толуктап иштеп чыгыңыздар", - деп тапшырма берди Акылбек Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: