super.kg logo

Индияда операция болгон аял эки бөйрөгүн тең уурдатты

 

Индияда жатынын алып салуу үчүн менчик клиникага хирургиялык операция жасаткан аял операциядан кийин ойгонуп, эки бөйрөгү тең жок экенин билди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя Индиянын Бихар штатында болгон. Анда Сунита Деви аттуу 38 жаштагы жергиликтүү тургун жатынын хирургиялык жол менен алып салуу үчүн менчик клиникага кайрылган. Операциядан кийин бейтап айыгып, бирок анын ден соолугу тездик менен начарлай баштаган. Ал көп өтпөй эле ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер текшерүүдөн кийин анын эки бөйрөгү тең жок экенин аныктап, үй-бүлөсүнө диализсиз аял жашай албастыгын айтышкан.

Эми үч баланын энеси күн сайын диализ алып турушу керек. Анын абалы оор деп бааланууда. Тирүү калуу үчүн аялга бөйрөгүн алмаштыруу керек. Мындай операция үчүн кезек узун жана ал өз кезегине жетпей калышы мүмкүн.

Сунита Деви Индия өкмөтүн анын бөйрөгүн уурдап алган дарыгерлерге карата чара көрүп берүүнү суранган. Мындан улам полиция текшерүү жүргүзүп, ага операция жасагандардын бирин кармаган. Калган дарыгерлер качып кетүүгө үлгүрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: