super.kg logo

Жапаров: "Бажычылардын баарын иштен бошотуп, башкаларды алып келе турган система даярдап жатабыз"

 

Учурда иштеп жаткан бажычылардын баарын кызматтан алып, башкаларды алып келе тургандай система даярдалып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-ноябрдагы жыйынында билдирди.

"Баарыбыз чогулуп бажы инспекциясында тартипти орнотушубуз керек. Бизде азыр эң талылуу көйгөй Бажы кызматында болууда. Керек болсо "За державу обидно" деген балдардын баарын алып келебиз. Мен Садыр Нургожоевич менен да сүйлөштүм. Бүт бажычыларды бир күндө кызматтан бошотуп, алардын ордуна институтту бүткөн жаңы кадрларды алып келгени даярбыз. Болгону азыр системаны даярдап жатабыз", - деди Жапаров.

Жапаров белгилегендей, бажыдан былтыркыга караганда 50 миллиард сом көп чогултуу планы коюлган, бирок 26 миллиард сом түшүп жатат.

Эскерте кестек, Жогорку Кеңештин комитетинин бүгүнкү жыйында депутат Айбек Алтынбеков Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун ишине нааразычылыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: