super.kg logo

Депутат Эдил Байсаловду социалдык көгөйлөрдү унутуп, саясатка аралашып кеткенин сынга алды

 

Ошто 70 миң адамга бир социалдык кызматкер туура келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-ноябрдагы жыйынында айтты.

Ал белгилегендей, Жалал-Абадда 318 миң адамга үч социалдык кызматкер туш келет. Бул көрсөткүч социалдык тармак унутта калып жатканынан кабар бере турганын билдирди.

"Көрүнүп тургандай, социалдык тармакка мамлекеттик деңгээлде таптакыр көңүл бурулбай жатат. Айрыкча, Баткендеги акыркы окуяларга карабай бир психологдун орду жок экендигин көрдүк. Губернатордук деңгээлинде бир штаттык психолог бергиле деп суранып жатышат. Азыр балдар тарсылдаган үн укканда эле коркуп жатышыптыр. Аларга сөзсүз психологиялык жардам керек. Ошондой эле Жалал-Абадда аптекалык баңгилик күч алыптыр. Ал жерде мектеп окуучулары эки дарыны кошуп ичип, кечке чейин мас болуп жүрүшөт экен. Бул багытта көңүл бурууну суранып жатышат", - деди Мажитова.

Ал ар бир мектепте психолог иш алып барышы үчүн жогорку окуу жайларда психология бөлүмдөрдү көбөйтүүнү сунуштады.

Эл өкүлү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду социалдык тармактагы негизги көгөйлөрдү унутуп, саясатка аралашып кеткендиги үчүн сынга алды.

"Эдил Жолдубаевич болсо саясатка аралашып кетет экен. Социалдык кызматкерлерди көбөйтүү сиздин ишиңиз болчу. Ордуңузду бериңиз иштей турган аялдарга, болбосо иштеңиз", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: