Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалар үчүн жол ачылды
Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Азыр ашууну кардан тазалап, тайгалакка каршы инерттүү заттарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Алдыдагы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштыруу сунушталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.