super.kg logo

Бир катар жетекчилик кызматтар саясий кызматка которулду

 

Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты - бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарлыктын максаты бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Жарлыкка ылайык, президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилерин саясий кызмат орундарына которулду.

Бул номенклатурага төмөнкү кызматтар кирет:

— Министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, президентке караштуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (Президенттин түздөн-түз карамагында), министрлер кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басары, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин орун басары;

— Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (Президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары);

— Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (Президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары);

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: