super.kg logo

Садыр Жапаров эртең Арменияга иш сапары менен барат

 

Эртең, 23-ноябрда президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Арменияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Белгиленгендей, анын алкагында уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армениянын уюмга төрагалык кылуунун жыйынтыгын чыгарышат. Мындан сырткары Беларусь Республикасынын төрагалыгы маалындагы ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат угушат.

"ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда”, - деп билдирди Азымбакиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: