super.kg logo

Жаңы жылдан тарта тамекилердин баасы кымбаттайт

 

Министрлер кабинетинин 4-ноябрдагы токтому менен тамекиге жана курамында никотин бар продукцияга жаңы минималдуу чекене баалар белгиленди. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, токтомго ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып акциздик товарлардын төмөнкү түрлөрүнө минималдуу чекене баалар киргизилет:

  • Тамеки (фильтри бар жана фильтрсиз) - 20 даанасы 100 сом. Учурдагы минималдуу чекене баасы 20 даанага 90 сом;
  • Цилиндр формасындагы жылытылган тамеки (ысытылган тамеки таякчасы - таякча, тамеки менен жылытылган капсула) - 20 даанасы үчүн 100 сом;
  • Никотин суюктугу бар бир жолу колдонулуучу электрондук никотин жеткирүү системалары - бирдигине 250 сом. Ал эми 2024-жылдын 1-январынан тарта алар үчүн баа 300 сомду түзөт;
  • Электрондук тамекилер жана ушул сыяктуу жеке электр бууландыргычтар (никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары) - бир даанасы үчүн 1300 сом. Ал эми 2024-жылдын 1-январынан тарта баа 100 сомго көтөрүлөт.

«Эң төмөнкү чекене баанын жогорулашы тамеки жана никотин камтыган азыктарды керектөөнүн кыскарышына алып келет, бул калктын ден соолугуна оң таасирин тийгизет», - деп айтылат мекеменин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.11.2022. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо силер 2022 ден 2024 секиресинерби
22.11.2022. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура .эн арзанын 250 кылыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: