"Жылуу кийиниңиз". Шаршембиге карата аба ырайы
Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, эртең, 23-ноябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +8 … +13;
Талас жергесинде түнкүсүн -1 … +4, күндүз +8 … +13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0 … +5, күндүз +10 … +15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1 … +4, күндүз +6 … +11;
Нарын облусунда түнкүсүн 0 … -5, күндүз 0 … +5;
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5 … +7 суук, күндүз +11 … +13.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.