super.kg logo

Бишкекте жаңы конуштардын тургундары турак жайларынын кызыл китептерин алышты

 

Бишкекте бир катар жаңы конуштардын тургундарына турак жайлардын кызыл китептери тапшырылды. Белгилүү болгондой, бүгүн, 23-ноябрда 76 тургун үйлөрүнүн документин колуна алышты.

"Мен Абылова Элмира Төкөлдөш айылынын тургунумун. Биздин конушта 1953-жылдан бери турак жайыбыздын китеби жок эле. Балдарды мектепке, бала бакчага киргизүүдөн кыйналчу элек. Мына бүгүн документибизди колубузга алдык. Бул буйрукка кол койгон Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирем", - деди Абылова.

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров билдиргендей, борбордо жер мунапысына 10 миңден ашуун жаран туш келген.

"Учурда борбор калаанын төрт районунда комиссия иштеп жатат, документтерди кабыл алуу жана аларды кароо боюнча иштер уланууда. Бүгүнкү күндө комиссияга 5 миңден ашык арыз келип түшкөн", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык мэриясында жаңы конуштардагы турак жайлардын кызыл китептерин тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: