super.kg logo

Жалал-Абадда Жол башкармалыгына жаңы техника тапшырылды

 

Бүгүн, 23-ноябрда Жалал-Абадда Жол башкармалыгына жаңы техника тапшырылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев менен биргеликте мэриянын Жол башкармалыгына жаңы Дусан DX140W экскаваторун тапшырды.

Бул унаа шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерине колдонулат. Андан сырткары шаардагы сел арыктарды, каналдарды тазалоо жумуштарын да аткарат.

Аталган техника 17 миллион 640 миң сомго сатып алынган. Анын 60 пайызы Жалал-Абад облустук ѳнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, калган 40 пайызы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Жол башкармалыгындагы экскаватордун эскилиги жетип, бир нече жылдан бери жолдордун курулуш иштеринде кыйынчылык жаралып келген.

Аталган мекемеде жалпы 11 техника, 40тан ашык жумушчу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: