super.kg logo

Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат

 

Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жукеев-Пудовкин көчөсү, 138 дареги боюнча биринчи муниципалдык көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды куруу пландалууда.

Мындан тышкары, жогоруда аталган жер тилкеде футбол аянтчасын, воркаут аянтчасын, гүл бакча жана балдар ойноочу аянтчаны куруу пландалууда.

Белгилей кетсек, аталган участокто №12 гараж кооперативи жайгашкан.

2022-жылдын 6-октябрындагы жер участокторуна ижара укугун берүү боюнча комиссиянын жыйынында Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча жер участогун убактылуу пайдалануу укугун токтотууну каттоо үчүн "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалына тиешелүү кат жөнөтүүнү тапшыруу чечими кабыл алынды. Учурда жер тилке департаментке бекитилген.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясына объекттерди демонтаждоо маселесин иштеп чыгуу жана жер участогун баштапкы абалга келтирүү милдеттендирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: