super.kg logo

Тажикстандын агрессиясы: Баткенде 817 жарандын документи калыбына келтирилди

 

Сентябрь айында Тажикстандын Баткен облусуна куралдуу кол салуусу учурунда жабыркаган 817 жарандын документтери калыбына келтирилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, министрликке караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен Калкты каттоо департаменти тарабынан Баткен облусунун үч районунан жана республикалык мааниге ээ Бишкек жана Ош шаарларынан 5 мобилдик группа уюштурулган.

"Калкты каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрү Баткен облусунун Баткен жана Лейлек районундагы жабыркаган жарандардын келип түшкөн арыздарынын негизинде документтерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: