super.kg logo

Еревандагы ЖККУнун саммитинде бир катар документтерге кол коюлду (Тизме)

 

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча кечээ, 23-ноябрда Ереван шаарында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Уюмга мүчө болгон Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы жөнүндө” чечими;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешине төрагалык кылуунун мөөнөттөрү жөнүндө” чечими;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык комиссиясынын Төрагасы жөнүндө” чечими;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жана Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташтыкты өнүктүрүү ниеттери жөнүндө” чечими;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун конгресс-көргөзмө иш-чарасы жөнүндө” чечими;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жалданма" оперативдүү-профилактикалык иш-чаралар комплексине Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун "Жалданма" туруктуу аракеттин ("Жалданма" операциясы") аймактык антитеррордук операциясынын статусун берүү жөнүндө") чечими;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу сыйлыктар жөнүндө» чечими;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө» чечими;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 2021-жылдагы Бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жөнүндө” чечими;
  • Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “2023-жылга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бюджети жөнүндө” чечими.

Белгилей кетсек, ЖККУга төрагалык кылуу Армениядан Беларуска өттү. 2023-жылдын 1-январынан тартып ЖККУнун башкы катчысы Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетов болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: