super.kg logo

Пашинян ЖККУнун саммитинин жыйынтыктоочу декларациясына кол коюудан баш тартты

 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖККУнун саммитинин жыйынтык декларациясына, ошондой эле Карабах чатагына байланыштуу Ереванга жардам көрсөтүү боюнча чечимдин долбооруна кол коюудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда Ереванда ачылган ЖККУнун саммитине төрагалык кылган Пашинян: "Биз тар курамдагы жолугушуубузду аяктадык, 17 чечимдин долбоору берилди, 15 долбоор боюнча консенсус бар, биз чечим кабыл алдык, эки долбоор кайра кароого жөнөтүлдү", - деген.

Жыйынтыктоочу брифингде уюмдун башкы катчысы Станислав Зась армян тарап эки документке кол койбогонун тастыктады.

Ошол эле учурда ЖККУнун Башкы катчысы бул процессти толугу менен нормалдуу деп атады, анткени бардык мүчөлөрү бирдей көз карашты карманган бир дагы эл аралык уюм жок.

ЖККУнун жыйынында Пашинян жамааттык коргоо кепилдиктерине карабастан, 2020-жылы курчуп кеткен Карабах чатагы учурунда Ереванга Баку кол салганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: