super.kg logo

Жаңы жылдан тарта пенсия көбөйөбү? Акылбек Жапаровдун жообу

 

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев министрлер кабинетинин төрагасынан жыл жаңыргандан кийин пенсиянын минималдуу суммасы канча болорун сурады.

Депутат Конституцияда "2023-жылдын 1-январынан тарта пенсия, жөлөк пул жашоо минимумунан аз болбойт" деп жазылганын эске салып, ал норманын аткарылышына кызыкты.

"1-январдан тарта 44-берененин 2-бөлүгүндөгү норма күчүнө кирет. 1 миллиондон ашык жаран ушул Конституцияны колдошкон. Алар пенсия жашоо минимумунан төмөн болбойт деп ишенишкен. Себеби норма ошондой болчу, бул норма иштейби?", - деп сурады Бекешев.

Акылбек Жапаров Конституцияга бул норма жазылып жаткан кезде эле аткарууга мүмкүн эместигин айтканын белгиледи.
"Пенсионерлердин 450 миңден ашыгы айыл чарба секторундагылар. Алар жер салыгы менен гана Социалдык фондго айына 8-10 сомдон төлөп жүрүшкөн. Бул норма иштебейт дегенге болбой, Конституция кабыл алгандан кийин ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. 1-январдан баштап ишке ашырууга киришебиз", - деди ал.
Кошумчалай кетсек, жыйында азыркы тапта пенсионерлердин жашоо минимуму 5600 сом, ал эми эң аз пенсия 2500 сом экендиги айтылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: