super.kg logo

Адылбек Касымалиев Сауд Арабиянын айыл чарба министри менен жолукту. Эмне маселе талкууланды?

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Рияд шаарына Сауд Арабиянын Курчап турган чөйрөнү коргоо, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы саясий диалогдун, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү аракеттеринин активдешүүсүн жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды жөнгө салынышын белгилешти.

Эки тараптуу мамилелерге кошумча дем берүү максатында маектештер өз ара сапарларды жогорку деңгээлде уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешип, жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Сауд Арабиясына расмий сапарын сапаттуу уюштуруу боюнча чараларды кабыл алууну макулдашты.

Тараптар ошондой эле Сауд Арабия Королдугунун инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр баштаган Сауд Арабиянын бир катар ири ишканаларынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга иш сапарынын мазмундук бөлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Абдулмохсен Аль-Фадлиге кыргыз-сауд Өкмөттөр аралык кызматташуу боюнча комитетинин жыйынын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын жыйынтыгы келечектеги эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө кошумча дем берерине ишенимин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: