super.kg logo

АКШ Баткендин жабыркаган тургундарына шашылыш жүк жөнөттү

 
Жүздөгөн баткендиктер Америка Кошмо Штаттарынын аймактагы жапа чеккен жарандарга колдоо көрсөтүү иш-аракеттеринин алкагында жашоого өтө керектүү буюмдарды алышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Мындай жардам АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыгынын аркасында берилет.
"23-ноябрда эки тараптуу тыгыз кызматташтыктын алкагында АКШнын Коргоо министрлигинин гуманитардык жүк ташуучу рейсин координациялоонун натыйжасында ага керебеттер, матрацтар, шейшептер жана кышкы кийимдер кирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бул жардам Баткен облусундагы чек арадагы коогалаңдан жабыркаган кыргызстандыктардын гуманитардык муктаждыктарын колдоо үчүн маанилүү деп табылды. Жакынкы күндөрү ӨКМ жабыркагандарга жардам иретинде бөлүштүрөт", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул колдоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги тарабынан берилген 8 миллион сомго жана гигиеналык комплекттерине кошумча болуп саналат, алар Кыргыз Республикасындагы эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан таратылат. Акчалай жардам жана комплекттер Баткен облусундагы миңдеген адамдардын, анын ичинде балдардын муктаждыктарын канааттандырууга жардам берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: