super.kg logo

Бишкектеги Кут конушуна кошумча электр чубалгылары тартылат

 

Кут конушунда кошумча 1 чакырым электр чубалгылары узартылып, 30дан ашык мамылар орнотулат, ошондой эле 630 кВ кубаттуулуктагы эки трансформатордук көмөкчордондор Сокулук райондук бөлүштүрүүчү зонага техникалык тейлөөгө өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иштер борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен жүргүзүлөт.

"Жумуш учурларын талкуулоо үчүн Биринчи май районунун акиминин орун басары Чынгыз Байсов Сокулук РЭСинин башчысы Руслан Каримовдун, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 7 күндүн ичинде керектүү иштерди аткаруу милдети коюлду.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы өткөргөн сынакка ылайык, «Бишкекэлектро» ЖАКсы подрядчы болуп тандалган", - деп билдиришти мэриядан.

Белгилей кетсек, учурдагы 3 трансформатордук көмөкчордон колдо болгон кубаттуулуктан ашыкча иштеп жатат, буга байланыштуу кошумча 2 көмөкчордон орнотулуп, жакында кошулат.

Маалымдама: «Кут» конушу Бишкектен 19 чакырым алыстыкта жайгашкан, 600 кожолук, калкы 2000 адам.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: