Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу болбойт. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасынан билдиришти.
"Панфилов – Түгөлбай ата – Логвиненко – Бөкөнбаев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин суу өчүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Мекемеден сууну өчүрүү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин кошумчалашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.