super.kg logo

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү гараждарды алуу иштери башталды

 

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн боюнда жайгашкан №12 гараждык кооперативди демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жеринде вице-мэр Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги астында Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте иш алып барууда.

Муниципалитеттен белгилешкендей, учурда 4 гараж алынды. Калган гараждардын ээлери объекттерди жеке буюмдарынан бошотууда.

Белгилей кетсек, гараждык кооператив тарабынан муниципалдык аймакты пайдалангандыгы үчүн ижара акысы төлөнгөн эмес.

Эске салсак, жогорудагы жер тилкеге биринчи жолу муниципалдык көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды куруу пландалууда. Ошондой эле бул жерде футбол аянтчасы, воркаут аянтчасы, сквер жана балдар аянтчасы курулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: