super.kg logo

Элдик курултайдын убактылуу төрагасы жана эсептөө комиссиясы шайланды

 

Кемел Ашыралиев Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан биринчи Элдик курултайдын убактылуу төрагасы болду.

Мындан сырткары Талас облусунан делегат болуп келген Айдар Момунтаев Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп шайланды.

Эсептөө комиссиясынын курамына 9 адам кирди:
- Баткен облусунан Касиет Мырзаева;
- Жалал-Абад облусунан Жылдызбек Абибакир уулу;
- Нарын облусунан Нургүл Өмүрова;
- Ош облусунан Бекболот Мусаев;
- Талас облусунан Айдар Момунтаев;
- Чүй облусунан Эстебес Ырыскелдиев;
- Ысык-Көл облусунан Кайратбек Ибраев;
- Бишкек шаарынан Айнура Абдыгулова;
- Ош шаарынан Элмира Сатыбалдиева.

Курултайга келген делегаттар бир добуштан колдоп, эсептөө комиссиясынын курамын бекитти.

Эскерте кетсек, Курултайга 1 миң 72 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: