Биринчи Элдик курултайга 1072 делегат катышууда (фото баян)



















Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өтүүдө.
Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан келген 1072 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда. Иш-чара эки күнгө созулат.
Элдик курултайдын макамы "коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын" деп аталат. Ал кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет. 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам боюнча, мыйзам чыгаруу укугуна ээ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.