super.kg logo

Бишкекте окуучуларды ташыган автобустар жүрө баштады

 

Бишкекте 24-ноябрдан тарта тесттик режимде окуучуларды ташыган автобустар жүрө баштады. Бул тууралуу долбоордун менеджери Аязбек Мадалов билдирди.

Маалымдалгандай, биринчи этапта Өзбекстандын ISUZU үлгүсүндөгү эки автобус тартылып, эки каттам аныкталган.

“Азырынча биз төрт негизги мектепти жана биз өтө турган жолдо жайгашкан бир нече мектепти камтып жатабыз. Жол кирени жакында Instagram баракчабызга жарыялайбыз”, - деди Мадалов.

Бекитилген маршрутка ылайык, автобустар №13, 70, 69 жана 29 мектептерди камтыйт. Каттамдардын жүгүртмөсү ата-энелердин өтүнүчү боюнча жаңыртылууда. Алардын айрымдары маалымат менен бөлүшүп, анда жол кире 25 сом экенин жана жол кире карталарын сатып алууга кызыкдар экендигин билдиришкен.

Толук маалымат алуу үчүн Токтоналиев көчөсү, 103 дарегиндеги “Шаттл Скул Бас” ЖЧКсынын кеңсесине кайрылууга болот.

Эскерте кетсек, долбоор пилоттук режимде мэрия менен жеке компания тарабынан биргеликте ишке ашырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: