super.kg logo

Садыр Жапаров: "2-3 жылда бир дагы эски мектеп калбайт"

 

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнкү иши уланууда.

Иш-чаранын башында өлкө башчы Садыр Жапаров курултай делегаттарына кайрылып мектеп, бала-бакчалар тууралуу эмес, андан башка орчундуу көйгөйлөрдү айтууга чакырды.

“Кечээ сүйлөгөндүн көпчүлүгү мектеп, бала бакча, маданият үйү, спорт комплекстери тууралуу суранбадыбы. Бүгүн сүйлөй турган делегаттар башка көйгөйлөрдү айтып, сунуштарды берсеңиздер. Анткени мектептер менен бала бакчалар эң биринчи биздин көңүл чордонубузда турган маселелер. Кайсы айылда мектепти жаңыртыш керектигин билебиз. Мен келгенде 246 айылда мектептер жараксыз болчу, азыр 200 айыл калды. Келе жаткан жылдын бюджетине мектептерди куруу, оңдоону киргизебиз. Бюджет көтөрө алса 200 мектепти бир жылда эле салып салат элек. Бирок азырынча каражат ага жетпейт экен. Ошону үчүн 2023-2024-жылдагы бюджетке бул тармакты каржылоону киргизебиз. Айтор жакынкы 2-3 жылда мектеп деген көйгөйдүн баарын чечебиз. Бир дагы айыл эски мектеп менен калбайт”, - деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы жана депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

Ал эми өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактардан 1 072 делегат келген. Алардын 924ү эркектер, 148и аялдар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.11.2022. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында Соке да айтканы эсимде, бир да айыл калбайт суу чыкпаган деп))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: