super.kg logo

Курултайда Баткендеги талкаланган үйлөрдүн курулушу жай жүрүп жатканы айтылды

 

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда Баткен шаарынан келген делегат Хаит Айкынов Тажикстандын кол салуусунда талкаланган үйлөрдүн курулушу кечеңдеп жатканына токтолду. Ал чек арада эң биринчи коопсуздукту камсыз кылып берүүгө чакырды.

“Быйылкы жаңжалда 360тан ашык үй күйүп кетти. Азыр ал үйлөр курулууда. Убагында курулуш иштери кышка чейин бүтүп, жергиликтүүлөр үйүнө кирери айтылган. Бүгүнкү күндө үйдүн ээлери, куруучулары менен сүйлөшсөм, быйыл бүтчүдөй эмес. Бүтпөйт окшойт. Буга бирөө-жарым жооп береби? Же президенттин сөзү аткарылбай калса боло береби?", - деди делегат Айкынов.

Ошондой эле ал президенттен маселени өз көзөмөлүнө алуусун өтүндү.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткенде турак жайлардын курулушу жай жүрүп жатканы Жогорку Кеңеште бир нече ирет көтөрүлүп, министрлер кабинетине сын айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: