Камила Талиева Орусиянын депутатынын пикирине жооп кайтарды

Эл өкүлү орус тили Кыргызстанда гана расмий тил макамына ээ экенин белгилеген.
"Орусиянын мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын эл аралык эрежеге туура келбеген, мамлекеттик алакаларга көлөкө түшүргөн жана өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишкен билдирүүсү негизсиз экенин белгилейм. Анткени орус тилинин Кыргызстанда орду өзгөчө, мыйзамдарыбыздан баштап, көчөдөгү көрнөк-жарнактарыбызга чейин мамлекеттик тилибиз менен катарлаш колдонулуп келет", - деген Талиева.
Депутат төрага Нурланбек Шакиевдин демилгеси Кыргызстан менен Орусиянын алакасына эч кандай тиешеси жок экенин баса белгилеген.
"Себеби, айыл-шаарлардын атын өзгөртүү демилгеси Орусиянын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып, Свердлов шаары Екатеринбург, Ленинград шаары Санкт-Петербург деп жаңыртылганы баарыбызга белгилүү", - дейт эл өкүлү.
Ал белгилегендей, мындай өзгөртүүлөр көп улуттуу Совет мезгилинин учурунда да жүргүзүлүп келген. Андыктан антиорусиялык маанайды калыптандырып, байыркы кыргыз эли менен улуу орус элинин достук, стратегиялык өнөктөштүк жана тыгыз кызматташтык мамилесине терс таасир берүүчү пикирлерди айтуудан алыс болууга чакырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.