super.kg logo

Курултай делегаты "кустуризация” менен активисттердин камалуусун сынга алды

 

Бүгүн, 26-ноябрдагы Элдик курултайда делегат Баатырбек Исмаилов азыркы тапта бир катар активисттердин убактылуу кармоочу жайда отурганын сынга алып, өлкө башчыдан аларды бошотууну суранды.

"Азыр камакта отурган активисттер сиз абакта жатканда чыркырап жүрүп чыгарткан. Азыркы күндө мыйзамды сыйлабай камап койдуңар. Бул жерде жан-жөкөрлөрүңүз азыр күлүп отурат. Ушул жан-жөкөрлөрүңүз үч президентти каякка жибергенин өзүңүз билесиз. Булар сизди жарга такап баратат. Камалгандар ден соолуктан ажырап жатат. Сизден суранып кетет элем, аларды үй камагына чыгартыңыз. Кошоматчылардын эмес, элдин үнүн угуңуз. Болбосо бул жакшылыкка алып барбайт", - деди делегат.

Ошондой эле ал бийликтин "Кустуризация” деген түшүнүктү пайда кылган аракеттерин сынга алды.

"Кустурабыз деген жол - коррупциянерлер 10 миллион доллар уурдаса, ошонун 5 миллионун берип коюп, калганы менен жыргап жашай бергенге шарт түзөт экен. Бизден кийинки муун ушинтип уурдап эле жашай берсе болот экен деген тарбия алып жатат. Урматтуу президент, бул жакшы жолго алып барбайт, мыйзам менен жашайлы", - деди Исмаилов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: