Жалал-Абадда кеңейтилген Шопоков көчөсү пайдаланууга берилди (фото)














Кечээ, 26-ноябрда Жалал-Абад шаарында кеңейтилген Шопоков көчөсү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жолду ачуу аземине бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Аталган көчөнүн узундугу 1167 метрди түзөт. Жолдун туурасы кеңейтилгенге чейин жалпы 12 метрди түзгөн болсо, учурда 21 метрге чейин кеңейтилди.
Кеңейтүү ишинин алкагында жолдун эки тарабына тротуар, темир-бетон арыктар курулуп, жарыктандыруу иши жүргүзүлдү.
Белгилүү болгондой, курулушка жергиликтүү бюджеттен 42 миллион сом акча каражаты жумшалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kg-04

27.11.2022. 15:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наконец то бутту ушул жол бутпой калчуудай эле болуп атты башында
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.