super.kg logo

Ошто жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген дарылардын сатылышы көзөмөлдөнөт

 

Ош шаарынын мэриясында адамдын аң-сезимине терс таасирин тийгизген дары-дармектерди жүгүртүүгө көзөмөлдү киргизүү боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалыматында айтылат.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык ички иштер башкармалыгынын баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Тынчтыкбек Жороев, аталган башкармалыктын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сейитбек Молдобаев, шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана өкүлдөрү, ҮМБнын, чек ара кызматынын, бажы кызматынын өкүлдөрү, фармацевтикалык компаниялардын жана дарыкана түйүндөрүнүн жетекчилери катышты.

Вице-мэр өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна кам көрүү максатында талкууланып жаткан маселе абдан актуалдуу болуп жатканын жана тизмедеги бир катар психотроптук дары-дармектер жаш жарандар үчүн оор жана орду толгус кесепеттерге алып келерин белгиледи.

Ошол эле учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаштардын аң-сезимине жана ден соолугуна терс таасирин тийгизген бир катар дары-дармектер психотроптук жана баңги заттардын тизмесине кирбей турганын, ошондуктан аларды рецептсиз сатып алса болорун белгилешти. Бирок бул дары-дармектер адамдын организмине психотроптук жана наркотикалык заттар сыяктуу эле таасирин тийгизгендиктен, ага катуу көзөмөл жүргүзүү зарыл.

Бул маселени талкуулоонун жыйынтыгында төмөнкүдөй милдеттер коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин Түштүк филиалынын өкүлдөрүнө бул дары-дармектерди психотроптук жана баңги каражаттарынын тизмесине киргизүү боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүү тапшырмасы берилди.

- Ош шаарынын ҮМБсына бул дарыларды сөзсүз түрдө рецепт боюнча берүү милдети жүктөлдү.

- Фармацевтика тармагынын өкүлдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды тиешелүү рецепт болгондо гана чыгаруу тапшырылды;

- Тиешелүү кызматтарга бул каражаттарды дарыканалардын аймагынан тышкары мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү талабы коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: