super.kg logo

Элчилик Орусияда адам өлтүрүп кармалган Кыргыз жараны боюнча маалымат берди

 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербургда 27 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектелип кармалган Кыргыз жараны боюнча маалымат берди.

Андагы маалыматка ылайык, 2022-жылдын 25-ноябрында Санкт-Петербургдун Приморский районунда 27 жаштагы Орусиянын жаранынын жансыз денеси өзүнүн батиринен табылган.

"27-ноябрда Приморск районунун укук коргоо кызматкерлери тарабынан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинде каралган кылмышты жасаган деп шектелип, 1981-жылы туулган А.И. аттуу Кыргыз жараны кармалды. Кармалган жаран күнөөсүн толугу менен моюнуна алды", - деп билдиришти элчиликтен.

Эскерте кетсек, орусиялык басылмалар 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип Кыргыз жараны кармалганын жазышкан. Ага ылайык, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, каргашалуу окуяга себеп болгону маалымдалган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.11.2022. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакпай калды жасаган ремонтун,акчасын бербейм деген болушу мумкун бул кыз,орсутар мигранттарды бекер иштеткенди жакшы корот издевать этип...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: